Кечээ, 31-майда Новосибирскте 7 миллион рубль уурдоого шектелип жаткан Кыргыз жараны сот залынан бошотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Новосибирск облустук соту 7 миллион рубль уурдоого шектүү Айнагүл Борбуеванын адвокатынын даттануусун канааттандырып, Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотунун 2022-жылдын 27-октябрындагы өкүмүн өзгөртүп, Кыргыз жаранын сот залынан бошоткон.
Эске салсак, Новосибирск шаарында иштеп жүргөн 44 жаштагы Кыргыз жараны 2,5 жылга соттолгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Айнагүл Борбуева 2021-жылдын 4-ноябрында таңга маал Добролюбова көчөсүндөгү №1 үйдүн жанынан тротуардан ичинде акча салынган баштыкты алып, окуя болгон жерден качып кеткен.
Аял сумкада эч кандай акча болбогонун айткан. Бирок сот ага карабай 2022-жылдын апрель айында аны күнөөлүү деп таап, 2 жыл 6 айга түзөтүү колониясына кескен.
Бул маселе Тышкы иштер министрлиги менен Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө болуп, Борбуеванын жакындары жана жактоочулары менен түз байланышта тиешелүү консулдук юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Башкы консултуктун кызматкерлери ага карата бардык соттук отурумдарга катышкан.