Бүгүн, 1-июнда Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
"Кажысай" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат. Бүгүн, 1-июнда саат 8:00дөн 20:00гө чейин Лермонтов - Ауэзов - Токмок - Көлбаев көчөлөрү - ЖЭБ каналы, Аламүдүн-1 кичирайону, Куруучулар шаары чектешкен аймакта суу өчүрүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.