2010-жылдагы июнь окуясында ИИМдин кызматкерин өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Кабарлангандай, ушул жылдын 27-майында атайын кызмат тарабынан Сузак районунун аймагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 1984-жылы туулган И.Ш. жана 1977-жылы туулган Ж.А. аттуу Кыргыз жарандары кармалды.
Алар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышканы, ошондой эле милициянын подполковнигин Сузак районундагы Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкандыгы аныкталды.
Бирок 2010-2011-жылдары тергөө учурунда алардын өздүгү аныкталбай калган.
Кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар тергөө абагына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Атайын кызматы 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.
Кошумчалай кетсек, 2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400дөн ашуун адам курман болгон.