Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунун талапкерине добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүмү (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.
"Кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө бир катар тергөө жана сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Анын натыйжасында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер С.У.А. жана анын айланасындагылар үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды пайдалануу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочуларды ташуу түрүндөгү төгүндөлгүс далилдер алынды.
Учурда УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатат" деп жазылат маалыматта.
Белгиленгендей, жыйынтыгында чогултулган материалдар БШКга андан ары кароо үчүн жөнөтүлөт.