Бүгүн, 1-июнда Бишкектин борбордук бөлүгү түнгө чейин жабык болот. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, Балдарды коргоо күнүнө карата аянтта күндүз элдик майрам болсо, кечинде концерттик программа тартууланат.
Учурда "Ала-Тоо" аянты менен Эски аянт автоунаа кыймылы үчүн жабык.
Мэрия буга чейин балдарга арналган майрам кандай өтөрүн жарыялаган болчу.