«Манас» бажысын текшерүү учурунда бажылык укук бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, AH26Б учагы Беларустун Евразия экономикалык биримдиги бажы аймагынан 2020-жылы Бириккен Араб Эмираттарына экспорттолгону аныкталган. 2022-жылдын сентябрь айында учак Кыргыз ЕАЭБнин бажы аймагына келген. Аталган учак B.S. авиакомпаниясына таандык.
Учак Кыргызстандын аймагына келген учурдан тарта бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес. Текшерүү иштеринин жыйынтыгында учактын бажы төлөмдөрүнүн суммасы 8 461 553 сомду, анын ичинен туум 1 569 353 сому түзгөн.
Аныкталган укук бузуулар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.