Жасалма Шенген визасын даярдоо жана сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта ушул жылдын 30-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында жасалма Шенген визасынын негизинде Кыргызстан аркылуу Европага транзит уюштуруп жүргөн негизги уюштуруучулар аныкталды.
Ошондой эле мыйзамсыз миграция каналынын уюштуруучуларынан жабыр тарткан 40тан ашык чет элдик жаран такталгандыгы айтылды.
Учурда мыйзамсыз иш-аракеттердин эпизоддору жана жасалма документтерди даярдоого, сатууга тиешеси бар адамдар аныкталууда.