Малика Исмаилова 3 жылдан бери карылар үйүндө күн кечирип келет. Ал 2 уул, 1 кыздын энеси. 2012-жылы жолдошу каза болгондон кийин жашоосунда кыйынчылыктар башталган.
Айтымында, үйүн сатып, акчасын үч баласына бөлүп берген. Каарманыбызды сиңдиси аны 8 жылдай караган. Бирок ага карабай эч кимге айтпастан өз каалоосу менен карылар үйүнө келген. Ал учурда карылар үйүндө ашпоздорго жардамчы болуп иштеп жаткандыгын айтты.
Каарманыбыз жаш кезинде аттан кулап, буту катуу жаракат алган. Ошол себептен бүгүнкү күндө буту ооруйт. "Бутум дайыма сыздатып оорутат. Ооруну басып туруучу дары-дармектер менен жашап келем" дейт ал.
Мындан тышкары ал учурда операциясына 2,5 миң доллар керек болуп жаткандыгын айтып, коомчулуктан жардам сурады.
Толугу менен видеодон көрүңүз.
Эске салсак, SUPER.KG ютуб каналынын "Мен өзгөргүм келет" долбоору турмуштун оор сыноосуна кабылган жарандардын үнүн угуп, алардын кыялдарын орундатууга көмөкчү болуу максатын көздөйт.