Эрдоган расмий түрдө Түркиядагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп таанылды

Түркияда 28-майда өткөн добуш берүүнүн экинчи айлампасынын жыйынтыгында Режеп Тайып Эрдоган расмий түрдө президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп таанылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгын Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Энер жарыялады. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого байланыштуу бардык даттануулар жана кайрылуулар боюнча чечим кабыл алган.

Шайлоого жалпы 54 миллион 24 миң 601 адам катышкан.

БШК башчысы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуш берүүнүн акыркы жыйынтыгы боюнча Режеп Тайып Эрдоган 52,18 пайыз (27 миллион 834 миң 589 бюллетень), Кемал Кылычдароглу 47,82 пайыз (25 миллион 504 миң 704 бюллетень) добуш алганын билдирди.

Эске салсак, жекшемби күнү кечинде Стамбулда тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып Эрдоган президенттик шайлоонун экинчи айлампасы аяктаганын жарыялап, шайлоочуларга ыр ырдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан