Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Люксембург айылында жайгашкан Я.Ваккер атындагы орто мектептин чатырынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.
Тилсиз жоо бүгүн катталып, аны өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ленин көчөсүндө жайгашкан билим берүү уясынын чатырынан чыккан өрт саат 14:40та чектөөгө алынып, саат 14:54тө толугу менен өчүрүлгөн.