Өлкөдө июнь айында бензиндин баасы 2,5-3 сомго көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.
Маалымдалгандай, буга Батыш өлкөлөрүнүн орусиялык мунайдын баасына жогорку чек коюу боюнча киргизген санкцияларына байланыштуу күйүүчү май өндүрүүнүн көлөмү азайганы себеп болууда.
Мындан сырткары, жазында Орусиядагы көпчүлүк мунай өндүрүүчү заводдор пландык оңдоо иштерин жүргүзөрү, бул мунайдын тартыштыгына жана баанын өсүшүнө алып келери айтылды.