Франция чемпиондугунун 38-турдук оюну Лионель Мессинин "ПСЖ" клубундагы акыркы беттеши болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, муну "ПСЖ" клубунун башкы машыктыруучусу Кристоф Галтье тастыктаган.
"Футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчуну машыктыруу мен үчүн сыймык болду. Месси "Парк де Пренс" стадионунда акыркы беттешин өткөрөт. Аны эң жакшы тосуп алышат деп үмүттөнөм", - деген ал.
Лионель Месси "ПСЖ" клубундагы акыркы беттешин 4-июнда өтө турган "Клермон" клубуна каршы оюнда өткөрөт.
35 жаштагы Мессинин "ПСЖ" менен келишими июнь айынын аягында аяктайт. Андан кийин аргентиналык футболчу эркин агентке айланат. ЖМКнын маалыматына караганда, ага Сауд Арабиянын "Аль-Хилал", Испаниянын "Барселона" жана Американын "Интер Майами" клубдары кызыгып жатышат.