Моуриньо Европа Лигасында уткан күмүш медалын күйөрманга берип салды

Италиянын "Рома" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Жозе Моуриньо Европа Лигасынын финалында "Севильяга" утулуп калгандан кийин медалын күйөрманга берип салды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, ал финалдан кийин италиялык күйөрмандар тарапка барып, Европа Лигасында уткан күмүш байгесин жаш күйөрманга берген.

Беттеш аяктагандан кийин ал дароо эле оюнчуларды талаанын ортосуна чогултуп, сөз сүйлөгөн. Түз эфирде анын футболчуларга "силерди бүткүл Европа көрдү" деп айтканы угулган. Кээ бир оюнчулар, анын ичинде Пауло Дибала ыйлаган.

Бул жеңилүү Моуриньо үчүн еврокубоктук турнирлердин финалындагы биринчи жеңилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан