Бокс боюнча дүйнөнүн учурдагы чемпиону, Кыргызстанда туулуп-өскөн мушкер Дмитрий Бивол Ташкентте өткөн бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло байге уткан Мунарбек Сейитбек уулуна жана анын машыктыруучусуна акчалай сыйлык берди.
Бивол акчалай сыйлык берип жатып "силерге рахмат", - деди.
11-майда кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограммга чейинки салмак ченинде бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло байге уткан.
Бул Кыргызстандын тарыхындагы бокс боюнча Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы медаль болуп калды.