Өлкөдө ысык суу менен жылуулуктун баасы кымбаттады

Кыргызстанда 1-июндан тарта ысык суу менен жылуулуктун баасы кымбаттады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, профилдик департаменттин буйругу 31-майда чыккан. Ведомство өкмөттүн 2021-жылы кабыл алган токтому бар экенин эскертти. Ага ылайык, 2021-жылдан 2025-жылга чейин тарифтер жыл сайын жогорулайт. Былтыр өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен баалар жогорулаган эмес.

Тарифтер төмөнкүдөй болот:

Жылуулук (Гкал үчүн):

  • калк үчүн – 1 миң 248 сом (буга чейин 1 миң 134,76 сом);

  • бюджеттик уюмдар, башка керектөөчүлөр үчүн – 2 миң 52 сом (буга чейин 1802 сом болгон).

Ысык суу:

  • калк үчүн прибор менен эсептегенде 1 куб метрге –72 сом (буга чейин 64,3 сом);

  • керектөө нормасы боюнча (айына бир адамга) – 345 сом (309 сом болчу);

  • Өнөр жай объектилери, бюджеттик керектөөчүлөр жана башка керектөөчүлөр үчүн – 117 сом (буга чейин 103 сом болгон).

Эскерте кетсек, Бишкекте 1-июндан тарта ичүүчү сууга жана канализацияны колдонууга болгон төлөмдөр жогорулаган.

Тарифтер сууга төмөнкүдөй болот:

  • калк үчүн – 10,45 сом (буга чейин 8,1 сом);

  • бюджеттик уюмдар үчүн – 12,95 сом (буга чейин 9,1 сом);

  • башка керектөөчүлөр үчүн – 18,5 сом (буга чейин 13 сом).

Канализацияга төмөнкүдөй болот:

  • калк үчүн – 3,45 сом (буга чейин 2,3 сом)

  • бюджеттик мекемелер үчүн – 4,5 сом (буга чейин 3 сом);

  • башка керектөөчүлөр - 9 сом (буга чейин 6 сом болгон).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан