Режеп Тайып Эрдогандын байлыгы тууралуу маалыматтар жарыяланды

Президенттикке кайрадан шайланган Режеп Тайып Эрдогандын байлыгы жана карыздары тууралуу декларация жергиликтүү гезиттердин бирине жарыяланды.

Маалыматка караганда, Эрдогандын батири, жер үлүшү бар жана ал акчасын түрк лирасында гана сактайт.

Декларацияда 2019-жылдан бери түрк президентинин Стамбулдун Ускудар районунда баасы 7,7 миллион түрк лирасын (370 миң доллар) чапчыган батири, 1988-жылдан бери Ризеде 0,2 гектар жер тилкеси бар экени көрсөтүлгөн. Ошондой эле банктын үч башка бөлүмүндө 1,8 миллион лирасы (86 миң доллар) сакталганы жазылган.

Ал эми карыздары тууралуу маалыматта Мустафа Эрдоган аттуу жаранга 5 миллион 390 миң лира (259 миң доллар) карызы бар экени айтылган. Жергиликтүү басылмалар бул жаран Эрдогандын бир тууганы экенин жазышууда.

Эске салсак, Түркияда өткөн президенттик шайлоодо Режеп Тайып Эрдоган 52,18 пайыз добуш менен жеңишке жеткен. Ал эми инаугурация аземи 3-июнда болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан