Күрөш боюнча рейтингдик мелдеште кыргызстандык эки спортчу коло медаль тагынды

Бишкекте өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеште эки кыргызстандык спортчу коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Бексултан Махмудов жана Дастан Кадыров үчүнчү орунду ээлешти.

Махмудов мелдеште 97 килограмм салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган.

Алгач кытайлык балбанга 1:1 эсебинде жеңилген. Ал эми жубатуучу беттеште кытайлык балбанды, коло байге үчүн беттеште Казакстандык балбанды жеңип, 3-орунду ээледи.

Ал эми Дастан Кадыров мелдеште 63 килограмм салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган.

Алгач Өзбекстандык балбандан жеңилген. Ал эми чечүүчү беттеште кыргызстандык Баяман Каримовду жеңип, коло байгенин ээси болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан