Бүгүн Балыкчы-Чолпон-Ата жолунда маал-маалы менен чектөөлөр болот

2-3-июнь күндөрү Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолунда маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чектөө чет өлкөлөрдөн келген делегаттарды тосуп алуу жана коштоп жүрүүгө байланыштуу кабыл алынды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-июнда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа кеңешинин төрагасынын жолугушууулары болот.

ЖКККББ кызматы айдоочуларды жолдо жүрүү эрежесин сактап, тиешелүү кызматкарлердин талаптарына баш ийүүгө чакырат. Мындан тышкары оор жүк ташуучу унааларын жолго чыкпай туруусун суранды.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан