АКШ президенти Жо Байден Колорадо штатындагы Аскердик Аба күчтөрү академиясынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземинде жыгылып түштү.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Байден кум салынган баштыкка чалынып кеткен. Ал эми журналисттер Байдендин ден соолугуна байланыштуу суроолорго жооп ала алышкан эмес.
Буга чейин 80 жаштагы Байден Вашингтонго кайтып келе жатып, тик учактан чыгуу учурунда да учакты сүзүп алган.
АКШ президенти 2021-жылы дагы Жоржия штатына баруунун алдында тик учактын баскычынан эки жолу мүдүрүлүп, кулап кеткен.