Чек талап кылуу боюнча лотереяга 200дөн ашык адам катышууда

Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын утушунун 1-этабына бир айга жетпеген убакыт калгандыгын эске салды.

Ведомство жарандарды лотереяга катышууга жана баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого чакырат.

Лотереянын 1-турунун байге фондунда 10 электромобиль, 1000 смартфон, 150 ноутбук жана башка баалуу байгелер бар.

Ага катышуу үчүн төмөнкү шарттарды аткаруу керек:

  • "Салык чек" тиркемесин жүктөп, каттоодон өтүү. Буга чейин колдонгон болсоңуз, тиркемени жаңыртып алуу зарыл;
  • товар же кызматтарды сатып алууда фискалдык модулу бар ККМдин кассалык чегин талап кылуу;
  • кассалык чектин QR-кодун тиркеме аркылуу сканерлөө керек.

Бүгүнкү күндө лотереяга 218 миң жаран катышууда. "Салык чек" тиркемеси аркылуу 3,9 миллиард сом суммасындагы кассалык чектер сканерден өткөрүлүп, утуштарга катышуу үчүн 3,8 миллион ашык ID-билеттер берилген.

Чек талап кылып, байге утуп ал! Чек канчалык көп болсо, байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Men_ele
2023-06-02 12:31:00
200дөн ашык дегилечи...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан