Кечээ, 1-июнда Бишкекте батирлердин биринде өрт чыгып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, Свердлов районунун Акматбек Сүйүмбаев көчөсүндө жайгашкан батирде өрт чыккандагы тууралуу маалымат түшкөн.
"Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 15:21де Бишкек шаардык №3 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 15:44тө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен балкондо турган 2 чарчы метр кышки кийимдер күйгөн. Ал эми болжол менен денесинде 10-15 пайыз күйүк алган үй ээсин "Тез жардам" кызматкерлери №4 шаардык ооруканага алып кетишкен", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканы кошумчаланды.