Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнүн учурдагы жетекчилиги кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Т.Ж. жана анын орун басары А.А.А., ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Б.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалгандар жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган деп шектелүүдө. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.
"Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын жергиликтүү тургундарга кезексиз жана акысыз берилүүгө тийиш болгон бир катар жер тилкелери, ошондой эле айыл чарба багытындагы категорияга кирген жер тилкелери жогорудагы кызмат адамдарынын кылмыштуу схемасы менен кызыкдар жактарга акчалай сыйлык үчүн жасалма токтомдорду чыгаруу жолу менен сатылып кеткен. Андан кийин “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак бөлүмүнүн жооптуу адамдары аталган айыл өкмөттүн кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, жерге жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик актыларды түзүшкөн", - деп айтылат маалыматта.
Кызмат адамдарынын жашаган жана иштеген жеринде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалгандардын кылмыштуу аракеттеринин фактысын тастыктаган материалдар табылып алынганын билдирди.
"Бул кызмат адамдарынын кылмыштуу тобу акыркы 10 жыл ичинде кызмат абалынан пайдаланып, өзгөчө маанилүү жерлерде, тактап айтканда, стратегиялык жана республикалык маанидеги “Бишкек-Ош” унаа жолунун боюнда, ошондой эле ички жолдор менен магистралдык көчөлөрдүн жээгинде жайгашкан ири ишкерликти жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарга ээ жерлерди мыйзамсыз өздөштүрүшкөн", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.