Бүгүн, 2-июнда мектептерде 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүтүрүүчүлөр 5 предметтен, анын ичинен төртөө милдеттүү, бирөө тандоо боюнча аттестациядан өтүшөт.
9-класстын аттестациядан өтүү графиги:
1. 2-июнь – математика/алгебра, комплекстүү тест жазуу түрүндө;
2. 7-июнь – эне тилинен, дилбаяндын элементтери менен баяндама;
3. 12-июнь – кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, комплекстүү тест жазуу түрүндө);
4. 15-июнь – Кыргызстандын тарыхы, оозеки;
5. тандалган предмет боюнча (сабакты (сабактарды) тереңдетип окуткан мектеп - лицейлер, мектеп - гимназиялар, окуу - тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн профилдик предмет боюнча базалык көлөмдөн тышкары өтүлгөн темаларын, бөлүмдөрүн эске алуу менен кошумча сынакты жана анын өткөрүү убактысын жалпы билим берүү уюму өз алдынча белгилейт).
11-класстын аттестациядан өтүү графиги:
1. 2-июнь – эне тили жана адабияты, эссе;
2. 7-июнь – математика/алгебра, комплекстүү тест жазуу түрүндө;
3. 12-июнь – Кыргызстандын тарыхы, оозеки;
4. 16-июнь – кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана/же орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, комплекстүү тест жазуу түрүндө).
5. тандалган предметтер боюнча (сабакты (сабактарды) тереңдетип окуткан мектеп-лицейлер, мектеп-гимназиялар, окуу-тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн профилдик предмет боюнча базалык көлөмдөн тышкары өтүлгөн темаларын, бөлүмдөрүн эске алуу менен кошумча сынакты жана анын өткөрүү убактысын жалпы билим берүү уюму өз алдынча белгилейт).