Ошто үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-июнга караган түнү саат 02:00 чамасында Ош шаарына караштуу Озгур айылынын Тотоев көчөсүндө айдоочу Хонда-фит үлгүсүндөгү унааны башкара албай, жолго жакын аккан каналга түшүп кеткен. Натыйжада кырсыктан машинадагы айдоочу жана эки жүргүнчү каза болгон.
Алар:
Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, каза болгон Кара-Суу районунун тургуну 2006-жылы туулган Т.Б. атасына таандык болгон Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаасын уруксатсыз үйдөн айдап чыгып, Озгур айылынын Тотоев көчөсү аркылуу күн батыштан чыгыш тарапты көздөй айдап бара жатып, жол бойлой шар аккан каналга унааны башкара албай түшүп кеткен.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.