Бүгүн, 1-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 624 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
"Суунун агып келиши секундасына 617 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 388 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.
Былтыркы жылдын дал ушул күнүнө карата суунун көлөмү 10 миллиард 708 миллион куб метрди түзгөн.