Австралиянын Статистика бюросу учурда бизнес-тренерлердин саны ишкерлерге караганда көп экенин аныктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Андагы маалыматта Статистика бюросунун кызматкери Саймон Тайсон 545 миң австралиялык жаран негизги кесибин "бизнес-тренер" деп аташканын, ал эми ишкерлердин саны 521 миң жаранды түзөрүн билдиргени айтылат.
Адистердин айтымында, мындай "тренерлер" өздөрүнүн бизнесин өнүктүрө албагандар. Алар теориялык билимибиз бар деп башкаларга "ишкерликти өнүктүрүүнүн" жол-жобосун үйрөтүшөт.
Ал эми персонал боюнча эксперт Линди Фрайдын айтымында, тренерлер чын эле мыкты болсо, анда жеке бизнесин өнүктүрүп кетишмек.
"Азыр насаатчылардын, жардамчылардын жана кеңеш бергендерин саны кескин көбөйдү. Кандай гана иш-чарага барсаңыз, аларды ошол жерден көрөсүз, сөзсүз бизнес тууралуу кеңештерин беришет", - дейт эксперт.