Ош облусунда ок-дарылар жана жардыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-майда өлкө аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган жашыруун террористтик топторду аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын инженердик-сапердук тобунун жардамы менен Ош облусунун Өзгөн шаарынын четинде ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды сактоочу жай табылды.
"8 даана граната, 6 даана модернизацияланган бирдиктүү кол гранатасынын сактагычы (запал УЗРГМ), 114 даана 5,45 мм калибрлүү патрондор, 46 даана 7,62 мм калибрлүү патрондор (бронетранспортерлер), 1 даана 9 мм калибрлүү патрон (Глок тапанчасынын), 1 даана 7,62 мм калибрлүү гильза табылып алынды. Ал ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда бул жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары улантылып жатканы кошумчаланды.