Сокулукта бала бакчанын чатыры күйдү

Чүйдүн Сокулук районунда бала бакчанын чатыры күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Шопоков шаарында жайгашкан бала бакчадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, өрттү өчүрүүгө саат 18:15те 2 күжүрмөн эсеп тартылган", - деп билдиришти мекемеден.

Маалымдалгандай, өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен 19:39да толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Белгилей кетсек, өлкө аймагында сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган. Ошондой эле куткаруу кызматтары тарабынан 8 чыгуу болгон.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан