Чоң-Алайда жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул туурасында Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.

Маалымдалгандай, жер титирөө бүгүн, 2-июнда саат 10:19да катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Ал Чоң Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эске сала кетсек, кечээ, 1-июнда Жалал-Абад облусунда күчү 4, 5 баллга жеткен жер титирөө орун алган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан