Эртең, 3-июнда өлкөнүн айрым аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз температурасы 30…32.
Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.