Жакында Бишкектен Ысык-Көлгө поезд каттамы жанданат  

Ушул жылдын 16-июнунан тартып Бишкектен Ысык-Көлгө поезд каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Кабарлангандай, каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күн сайын аткарылат.

"Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар. Билетти алдын ала 12-июндан баштап сатып алууга болот", - деп айтылат маалыматта.

Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү, дем алышсыз кайрылса болот:

- мобилдик тел: 0705 076696

- стационардык тел: (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан