Кара-Балтада фермерден опузалап 150 миң сом талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын аймагында айыл чарба фермасынын ээсинен коркутуу жолу менен узак убакыт бою акча каражатын талап кылып келген К.Б. жана Т.М. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.
"Алар 1-июнда 130 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.