ЭЛДИК КАБАРга жооп: Жалал-Абаддын базарларында башаламан соода-сатык кылгандар алынууда 

Бүгүн, 2-июнда Жалал-Абад шаарынын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылып, жергиликтүү бийликтен базардагы башаламан соода-сатыкты иретке келтирүүнү суранган.

Анда ал шаардагы "Шабдалы Зар" базарындагы сатуучулар жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолго чыгып, ыңгайсыздык жаратып жатканын айткан.

Ал кайрылуусунда "Жалал-Абад шаарынын "Шабдалы Зар" базарында жана шаар мэриясынын маңдайындагы базарда башаламан соода-сатык менен алектенген сатуучуларды тазалаңыздар. Алар бизге жолдон өтүүгө ыңгайсыздык жаратып жатышат", - деген.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы учурда аталган базарлардагы башаламан соода-сатыкты тазалоо иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти.

"Жалал-Абад шаардык мэриясынын Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти шаардагы базарлардын айланасындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдордо башаламан соода кылгандарды иретке келтирүүдө" деп билдиришти мекемеден.

Жалал-Абаддын базарларында башаламан соода-сатык кылгандар алынууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан