Казакстанда дагы эки жаңы майрам пайда болот

Коңшу Казакстанда майрамдардын календарына толуктоо киргизилүүдө. Эми өлкөдө Энелер күнү жана Аталар күнү белгиленет. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, коңшу өлкөдө Энелер күнү май айынын экинчи жекшембисинде, ал эми Аталар күнү июнь айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Казакстандын премьер-министри буга чейин майрамдык календарга тиешелүү кошумчаны бекитип, кол койгон.

"Үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу, үй-бүлөнү жана тарбияны чыңдоо максатында дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө белгиленүүчү «Энелер күнү» жана «Аталар күнү» расмий майрамдары биздин өлкөдө да бекитилди", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан