Чоң-Алайда 8 жаштагы жеткинчек сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кабарлангандай, Кара-Тейит айылынан өткөн Ак-Суу дарыясына 2015-жылы туулган А.У. аттуу бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында 5 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 50 адам, Ички иштер министрлигинен 15 кызматкер тартылган. Анын натыйжасында куткаруучулар тарабынан өспүрүмдүн сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.