"Өзү Орусияга кетмек". Чүйдө жаңы төрөгөн ымыркайын айфон менен 100 миң сомго сатып жиберген келин кармалды

Чүй облусунда жаңы төрөлгөн баланы сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата РИИБине 1998-жылы туулган С.З. аттуу жаран курсагындагы баласын сатууга ниеттенүүдө деген маалымат келип түшкөн.

"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жаңы төрөлгөн баланы сатуу боюнча кылмыштуу схема аныкталды. Тактап айтканда, апрель айында 1998-жылы туулган С.З. аттуу жаран 8-ай кош бойлуу болуп туруп, 1996-жылы туулган Б.Ф. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп, ага курсагындагы баланы төрөгөндөн кийин накталай 100 000 сом, iPhone 12 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефон, Орусияга учуп кетүүчү авиа билетке сатууну жана Б.Ф. бала төрөлгөн учурга чейин С.З. багуу үчүн камкордукка алууну макулдашышкан", - деп айтылат маалыматта.

Андан соң Б.Ф. аттуу жаран Ысык-Ата районунун жалпы дарыгердик практика борборунун (ЖДПБ) А.М. аттуу кызматкери менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, өзүнө кош бойлуу болгондугу тууралуу жалган карта түздүрүп алган.

20-майда С.З. аттуу жаран жасалма картада көрсөтүлгөн Б.Ф. аттуу жарандын ысымын колдонуу менен Ысык-Ата райондук ЖДПБнын төрөт үйүнөн кыз төрөгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин (балдарды сатуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү жогоруда аталган үч жаран милиция бөлүмүнө жеткирилген. Мындан тышкары, С.З.дан iPhone 12 Pro телефону далил катары алынып, кылмыш ишинин материалдарына тиркелген.

"Тергөөнүн жыйынтыгы менен бул кылмыш ишинин бардык катышуучуларынын кыймыл-аракеттерине юридикалык баа берилип, тиешелүү айыптар тагылган. Учурда тергөө иштери жүрүп, кылмыш ишин кароо үчүн сотко жөнөтүү маселеси чечилүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан