Кызыл-Кыяда мектептеги окуяга байланыштуу табылган материалдар экспертизага жөнөтүлдү

Кызыл-Кыяда мектеп бүтүрүүчүлөрү “Ислам мамлекети” экстремисттик-террордук уюмуна таандык делген материалдарды сактоого шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-майда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектептин аянтынан бүтүрүүчүлөрдүн урматына арналган тактанын жанынан тыюу салынган “Ислам мамлекети” экстремисттик-террордук уюмунун желеги табылган.

Ошондой эле тосмонун дубалдарына, "Сени кыйратканды жок кыл", "Сенин камераң сага жардам бербейт", "Аллах ыраазычылыгы үчүн музыка койбо" деген жазуулар калтырылган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү А.М.У., И.З.З. жана М.М.Г. аныкталды. 2-июнда соттун уруксаты менен алардын жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында тыюу салынган мыйзамсыз диний агымдарга жана “Ислам мамлекети” экстремисттик-террордук уюмуна тиешелүү болушу мүмкүн болгон ири көлөмдөгү адабияттар жана видеоматериалдар табылып экспертизага жиберилди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары кармалгандардын биринин уюлдук телефонунан 25-майда орто мектептин аймагына илинген экстремисттик-террордук уюмдун кара желеги даярдалып жатканы тууралуу видео табылган.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.

Видео: УКМКнын маалымат кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl27
2023-06-03 00:06:00
Ашынган динбаштар жакшылык алып келбейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан