Бүгүн, 2-июнда Бишкекте дүйнөлүк рейтингдик турнирдин экинчи күндүк беттештери уланууда.
Саат 18:00дө экинчи күндүк беттештердин финалы уланды. Анда грек-рим күрөшү боюнча 72 килограмм салмакта финалда ирандык Мохаммад Реза Гераеи менен грузиялык Рамаз Зоидзе кез келди. Кызыктуу беттештин жүрүшүндө грузиялык балбан 11:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Белгилей кетсек, финалда жеңилген Мохаммад Реза Гераеи 2021-жылы Токио Олимпиадасында алтын медаль утуп, ошол эле жылы Дүйнө чемпиону аталган.