Бишкекте №7 троллейбустук каттам кайрадан мурдагы Ак-Өргө-Тунгуч каттамы менен жүрө баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, №7 троллейбустук каттам 3-июндан тарта Ак-Өргө конушуна каттай баштайт. Тактап айтканда, троллейбус мурдагыдай эле Ак-Өргө конушунан Тунгуч кичи районуна чейин жүрөт.
Эске салсак, Гагарин-Некрасов көчөлөрүндө канализациялык коллектор орнотулгандыгына байланыштуу №7 каттам 2023-жылдын январь айынан баштап Ак-Өргө конушуна чейин жүрүүнү токтоткон.
Бул троллейбустук каттам январь айынан бери Тунгуч кичи районунан Эт комбинатына чейин каттап келген.