Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан дүйнөлүк рейтингдик турнирде 76 килограмм салмакта алтын медаль утту.
Бүгүн, 2-июнда Айпери Медет кызы рейтингдик турнирдин финалына чейин жетип, финалда кытайлык балбан кыз менен кез келди. Айпери Медет кызы беттеш бүтөрүнө дээрлик 1 мүнөт убакыт калганда 3:1 эсебинде утулуп жаткан.
Бирок ал акыркы секунддарда атаандашын килемден түртүп чыгарып 2 балл, андан кийин артына өтүп дагы эки балл алды.
Жыйынтыгында жалпы эсеп 5:3 болуп, Айпери Медет кызы рейтингдик турнирде алтын байге утту.
Бул Кыргыз курамасынын аталган турнирдеги алгачкы алтын медалы.