"Ак шумкарлар" оюнга 8 күн калганда негизги оюнчусунан ажырады

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын коргоочусу Александр Мищенко июнь айында өтө турган оюндарга катышпайт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу кабарлады.

Маалыматка ылайык, коргоочу жаракат алган. Мындан улам ал алдыдагы окуу-машыгуу жыйындарына катыша албайт.

Буга чейин Мищенко улуттук курама команданын катарына чакырылган.

Мищенко - Кыргыз курамасындагы негизги коргоочулардын бири.

Кыргызстан улуттук курамасы 10-июнда Ооганстан, 16-июнда күчтүү делген Иранга каршы ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG-Oligarh
2023-06-03 15:24:00
Ажырады деп өлгөн адамга жазгандай кылбай темасын туура койсоңор.
0
baltabai
2023-06-05 11:46:00
Качан башталат футбол Билгендер айтып койгулачы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан