Саясатчы Равшан Жээнбековдун камактагы жубайы Салкын Алимбаеванын абалы жакшы эмес. Бул тууралуу анын уулу Азат Равшан социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Апам үчүн УКМКга "Тез жардам" келгенин билдим. Анын абалы жакшы эмес, медициналык жардамга муктаж. Апам эки жыл мурун операция болгон", - деп жазды ал.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаева 25-майда кармалган.
Ал эми Равшан Жээнбеков Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштуруу" беренесинин негизинде отузга жакын саясатчы, жарандык активисттер менен чогуу камалган.