Никол Пашинян Түркияда Эрдогандын инаугурациясына катышат

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Түркиядагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Режеп Тайып Эрдогандын ант берүү аземине катыша турганын Армения өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 3-июнда Пашинян Анкарага сапар алат.

Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиле жок, чек ара 1993-жылдан бери Анкаранын демилгеси менен Карабах чатагына байланыштуу жабылган. 2022-жылдын 14-январында Москвада Армения менен Түркиянын атайын өкүлдөрү Рубен Рубинян менен Сердар Килычтын биринчи жолугушуусу болгон.

Азербайжан менен болгон кагылышта Армения Түркияны бир нече ирет кийлигишүүдө деп айыптаган. Бирок түрк тарап муну четке каккан. Өз кезегинде Армениянын Коргоо министрлиги истребителдердин учкучтарынын түрк тилинде сүйлөшүүсүн жаздырып алганын билдирген.

Бүгүн, 3-июнда Анкарадагы президенттик комплексте өтө турган Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ант берүү аземине 21 мамлекет башчысы жана 13 премьер-министр катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан