Бишкектеги 10-кичи районунун тургундары көрктөндүрүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарындагы 10-кичи районунун №30,31,32 үйлөрдүн алдыңкы бөлүгүндө мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин демилгеси менен демөөрчүлөрдүн эсебинен улуу инсандардын муралын тартуу пландалган.
Бирок жогорудагы үйлөрдүн жашоочулары жана турак жай ээлеринин бирикмесинин төрагасы имаратты жакшыртууга каршы чыгышты. Кичи райондун жашоочулары Октябрь администрациясынын сунуштарын эске албай коюшту.
Белгилей кетсек, Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Исхак Раззаков сыяктуу инсандардын портреттерин тартуу пландалган.