Биз социалдык тармакта

Индиядагы поезд кырсыгы: Кыргызстандын Индиядагы элчилиги кырдаалга көз салууда

Индиядагы поезддердин кагылышуусунан улам Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, учурда Кыргызстандын Индиядагы элчилиги кырдаалга көз салууда.

"Индиянын Одиша шаарында 2 жүргүнчү жана 1 жүк ташуучу поезд кагылышкан. Үч поезддин кагылышуусунан кеминде 280 адам каза болуп, 900гө жакыны жарадар болгонун расмий органдар билдирди. Куткаруу иштери уланууда, тегеректеги аймактардагы бардык ооруканалар толук даярдыкта. Кыргызстандын Индиядагы элчилиги кырдаалга көз салууда. Бүгүнкү күнгө чейин жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу маалымат түшө элек", - деп билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан