Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге көңүл айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Одиша штатындагы поезддердин кагылышуусунун кайгылуу кесепеттерине байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

"Индиянын Одиша штатынын Баласор шаарында поезддин кырсыгынан улам адамдар курман болду деген суук кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткан жарандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, Индиянын Одиша штатында үч поезддин кагылышуусунан 290дой адам каза болуп, 900гө жакыны жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан