Эрдоган инаугурацияда Пашинянга ыраазычылык айткан жок

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ишемби күнү инаугурация аземине катышкан башка мамлекет жана өкмөт башчыларын тизмелеп жатып Армениянын премьер-министри Никол Пашинянга кайрылган жок.

Эрдоган бир катар мамлекеттердин, атап айтканда, Азербайжандын, Болгариянын, Венесуэланын, Казакстандын, Кыргызстандын, Пакистандын жана Өзбекстандын президенттерине, инаугурацияга катышкан өкмөт башчыларга, НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтонбергге, Африканын бир катар өлкөлөрүнүн жетекчилерине ыраазычылык айтты. Бул учурда Түркиянын мамлекеттик телеканалы TRT конокторду көрсөтүп, Пашинян дагы кадрга чыкты.

Эрдогандын жубайы жана жардамчылары, ал кимдир бирөөнү унутуп калганын айтып, ишарат кылды. Андан кийин Эрдоган айрым саясатчыларга, ошондой эле президенттикке мурдагы талапкер Синан Оганга кайрылды. Бирок Пашинянга кайрылуу болгон жок.

Аземде Пашинянга Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин артынан экинчи катардан орун берилгенин армян маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Анкара менен Ереван ортосундагы мамиле.

Түркия менен Азербайжандын ортосунда дипломатиялык мамиле жок, чек ара 1993-жылдан бери Анкаранын демилгеси менен Карабах чатагына байланыштуу жабылган. 2022-жылдын 14-январында Москвада Армения менен Түркиянын атайын өкүлдөрү Рубен Рубинян менен Сердар Килычтын биринчи жолугушуусу болгон.

Азербайжан менен болгон кагылышта Армения Түркияны бир нече ирет кийлигишүүдө деп айыптаган. Бирок түрк тарап муну четке каккан. Өз кезегинде Армениянын Коргоо министрлиги истребителдердин учкучтарынын түрк тилинде сүйлөшүүсүн жаздырып алганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан