Казакстанда атасынын мүрзөсүнө мактоо баракчасы менен келген мектеп окуучусу көпчүлүктүн жүрөгүн козгоду. Анын видеосу социалдык тармактарга тарады.
"Ата, саламатсызбы, карачы, мен мектепти 5 менен бүттүм. Эми үчүнчү класска барам" деди бала.
Айрым маалыматтарга караганда баланын атасы 2 жыл мурун каза болгон.
Учурда бул видео социалдык тармактарга тарап, көпчүлүгү окуучуга ыраазы болушууда.
"Сен эң мыктысың, атаң сени менен сыймыктанат" деп жазышууда интернет колдонуучулар.