Эрдоган Түркиядагы дээрлик бардык министрлерди алмаштырды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кайра шайлангандан кийин жаңы министрлер кабинетинин курамын жарыялады. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазышты.

Эрдоган Анкарадагы пресс-конференцияда: "Түрк кылымында максаттарыбызга жетүү үчүн биргелешип иштей турган жаңы министрлер кабинетин сиздерге сунуштайм", - деген.

Эрдогандын жаңы өкмөтүндө 17 министрдин экөө гана өз ордун сактап калды. Алар саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа жана маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой. Калган министрлердин бардыгы алмашты.

Кечээ, 3-июнда Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын президенти кызматына расмий киришти. Инаугурация аземи Анкарадагы президенттин резиденциясында өттү. Өткөн жекшембиде Эрдоган президенттик шайлоонун экинчи айлампасында 52 пайыздан ашык добуш менен жеңишке жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан