Дүйнөгө белгилүү SPAR супермаркеттер тармагы жакында Кыргызстандын калкына жеткиликтүү болот. Алардын расмий өкүлү "Умай Групп" компаниясы эсептелинип, жакынкы күндөрү республика боюнча алгачкы 2 дүкөн тармагы Бишкек жана Балыкчы шаарында ачылуу алдында турат.
Тармактын аталышы анын ураанынын биринчи тамгаларынан түзүлгөн: "Door Eendrachtig Samenwerken Profiteren Allen Regelmatig", ал голланд тилинен которгондо: "Биз бардыгыбыз кызматташуудан пайда алабыз".
Дээрлик бир кылымдан ашык тарыхы бар SPAR өзүнүн урааны менен дүйнө жүзү боюнча кардарлардын ишенимине ээ боло алды. Чакан ассоциациядан баштап,Батышты гана эмес, Борбордук жана Чыгыш Европа, Жакынкы Чыгыш, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн рынокторун багындырган дүйнөлүк эл аралык тармакка айланды.
SPAR тармагынын башкалардан өзгөчөлүгү-бул жашылчалар жана жемиштер, кондитердик азыктар жана ароматтуу нан, кулинардык искусство, табигый ингредиенттерди колдонуу менен европалык рецепттер боюнча даярдалган кондитердик азыктардын дүйнөлөрү.
SPARдын дагы бир маанилүү айырмасы - даяр тамак-аштар болуп саналат. Дүкөнгө кандай максат менен келгениңизге карабай, эртең мененки жеңил тамактар жана бизнес-ланчтарды кеңсеңизге ала кетсеңиз болот. Ошол эле учурда майрамдык тамактын толук кандуу порциясын да таба аласыз.
Даяр тамактардын чоң ассортименти өзүңүз үчүн жаңы жана өзгөчө нерсеге буюртма берүү мүмкүнчүлүгүн жаратат. Мындан тышкары, SPAR кардарларга алардын тандаган тамактары кандай азыктардан кантип даярдалуусуна көз салууга мүмкүндүк берет. Бардык процесс ачык кулинардык станцияларда ишке ашат.
Мындан тышкары, Кыргызстандагы SPAR ата мекендик сатып алуучуларга Европанын сапаттуу продукциясын арзан баада алууга мүмкүнчүлүк берет. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн бул Кыргызстандын SPAR дүкөндөрүнө продукцияларды жеткирүү боюнча, SPAR бренди менен эксклюзивдүү товарларды чыгаруу боюнча келишимдерди түзүү аркылуу таптакыр жаңы деңгээлге чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
SPAR ишенимдүү жана текшерүүдөн өткөн жеткирүүчүлөр жана өнөктөштөр менен гана иштейт. SPAR тармагынын Кыргызстандагы расмий өкүлү "Умай Групп" компаниясы жумушка болгон мамилеси менен бренддин көп жылдык салтын жана принциптерин улантат. Эл аралык бренддердин кыргыз рыногуна кириши өзгөчө маанилүү. Бул сатып алуучулардын жаңы нерсеге жетүүсү гана эмес, жумуш орундарын түзүү, инфраструктураны жакшыртуу, жаңы технологияларды жана стандарттарды киргизүүгө жол ачат.
Кыргызстандагы SPAR компаниясынын жаңылыктарынан кабардар болуңуз!
@spar.kgz